Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-июлу № 4
Каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттиги № 111-кесиптик лицейинин 13.07.2020-жыл 01-17/159-катынын негизинде Достук айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Окуу жайдын дирктору Н.Тургунбаевдин маалыматы эске алынсын.
2.№ 111-кесиптик лицейинин чатырын катуу шамал учуруп кеткендиктен чатырды жаңылоо үчүн айыл өкмөтүнөн 30000(отуз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
3.Каражатты ажыратып берүү ФЭБ башчынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Абдышовго милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн орун басары А.Бекибаевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Мансиркулов |