Редакцияот 05.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 5-ноябры № 2

Достук айыл аймагындагы катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана жайгаштыруу боюнча тарифти бекитүү жөнүндө

Достук айылдык кенешинин XХVII чакырылышынын кезексиз XХXVII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Достук айыл аймагынын каттуу турмуш тиричилик калдыктарын  ташып чыгаруу тарифи төмөнкүдөй    бекитилсин:

-1 жаранга 1 айга-14 сом 00 тыйын;

-1 кожолукка 1 айга - 94 сом 50 тыйын;

-юридикалык жактарга 1м куб 1 айга – 174 сом 00 тыйын.

2. Айыл өкмөтүнүн аярлуу катмарынын 54 жаранга катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу 50% жеңилдетип берилсин.

3. Калктын аярлуу катмарына берилген жеңилдиктер айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Э.Мансиркулов