Редакцияот 05.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 5-ноябры № 4

Кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттердин планы (КЖАП) жөнүндө

Достук айылдык кенешинин XХVII чакырылышынын кезексиз XХXVII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1. Муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында Достук жана Бүргөндү айыл аймактарынын тургундарына каттуу турмуш тиричилик калдыктарын жыйноо ташып чыгаруу жана жайгаштыруу кызматын көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча аракеттердин планы (КЖАП) жактырылсын.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

3.Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 

Айылдык кеңешинин төрагасы

Э.Мансиркулов