Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-ноябры № 5
Дүкөндүн алдындагы жерге деп берилген жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын тургуну Биймырзаев Шердалы Бектеналиевичдин кайрылуусунун жана Достук айылдык кеңешинин XХVII чакырылышынын кезексиз XХXVII сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.
2. Кызыл-Туу айылынын тургуну Биймырзаев Шердалы Бектеналиевичдин 1500 м.кв дүкөндүн алдындагы жерге деп 3-04-03-0008-0177 идентификациялык номери менен жер тилкесинин максаттуу багыты турак жай курууга деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Тийиштүү документтерди даярдоо айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышгын көзөмөлдөө Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Э.Мансиркулов |