Редакцияот 02.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

2020-жылдын 2-декабры № 01-5/253

Шаар мэриясынын бюджетинин тогуз айлык планынын аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча маалыматын угуу жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы, шаар мэриясынын бюджетинин тогуз айлык планынын аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча маалыматын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Шаар мэриясынын бюджетинин тогуз айлык планынын аткарылышы жана салыктардын түрү боюнча маалыматы жактырылсын.

2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы, экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Я.Т. Абдурахманов