Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 01-5/254
Кочкор-Ата шаарынын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштеринин жүрүшү боюнча маалыматын угуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштеринин жүрүшү боюнча маалыматын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасынын иштеринин жүрүшү боюнча маалыматы жактырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |