КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 01-5/255
Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын № 01-36/1673 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/1673 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын мэриясынын №01-36/1673 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын кир жуучу жайын пайдаланууга берүү үчүн курулушка жетпей калган 153 005 (бир жүз элүү үч миң беш ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |