Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 01-5/257
Кочкор-Ата ҮМБнун директору К.Жумабаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы, Кочкор-Ата ҮМБнун директору К.Жумабаевдин кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексин”, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата ҮМБнун директору К.Жумабаевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.ҮМБга караштуу №16 ҮМБга эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу ачылган күндүзгү стационарга жана тез жардам бөлүмүндөгү мед. кызматкерлерге гигиеналык тазалыкты сактоо максатында, жуунуучу жай (душ) куруп берүү үчүн сметага ылайык акча каражатын бөлүп берүү каралсын.
4.№ 16 ҮМБга ден соолукту калыбына келтирүү бөлүмүнө (физиодарылануу) ачуу үчүн, цоколдук этажынын капиталдык ремонтун 2021-жылдын бюджетине киргизилсин.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |