Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 01-5/258
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы, шаардык Кеңештин 2020-жылга бекитилген иш-планы боюнча, шаардык Кеңештин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо маселесин угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык Кеңештин токтомдорун жана шаар тургундарынан түшкөн арыздардын аткарылышы боюнча шаар мэриясынын аткаруучулук тартибин кароо маселеси боюнча берген шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Шаардык Кеңештин токтомдорун мыйзамда белгиленген мөөнөт ичинде каттоого алып, жооптуу кызматкерлерден талап кылууну мэриянын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын аппарат жетекчисине милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |