Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 01-5/259
2020-2021-жылдарга кышка даярдык көрүүдө шаар мэриясынын жана анын тармактарынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXIХ сессиясы, шаар аймагындагы социалдык объектилердин 2020-2021-жылдын күз–кыш мезгилине даярдыгы боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаар аймагындагы социалдык объектилердин 2020-2021-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2.2020-2021-жылдардын күз-кыш мезгилине карата от-казандардын иштөө даярдыгын камсыздоо жана отундун керек болгон запасын камдоо жылуулук камсыздоо ишканасынын директоруна тапшырылсын.
3.Билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин терезе, эшик жылчыктарынын жылууланышын жана бардык жылуулук жабдуу системаларын толук даярдоо мекеменин жетекчилерине жана вице-мэрге тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |