Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-декабры № 01-5/263
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Садовая № 29 үйүнүн тургуну Мавлянов Акылбектин менчик турак-жайынын бир бөлүгүнө дүкөн курууга уруксат сурап кайрылган арызын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын Садовая № 29 үйүнүн тургуну Мавлянов Акылбектин арызы канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын Садовая № 29 үйүнүн тургуну Мавлянов Акылбектин менчик турак-жайынын бир бөлүгүнө дүкөн курууга уруксат берилсин.
4.Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-кагаздарын даярдап берүү райондук архитектура жана шааркурулуш башкармалыгынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |