Редакцияот 02.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2020-жылдын 2-декабры № 01-5/265

 

Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө

Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жетекчиликке алып                                                           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин кайрылуусу канааттандырылсын.

2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.

3.Кочкор-Ата шаарынын санитардык тазалоо, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү муниципалдык ишканасына чыгынды ташуучу автоунаа (мусоровоз) жана автоунаа мунарасын (автомобильная-вышка) сатып алууга уруксат берилсин.

4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.А.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага

Я.Т.Абдурахманов