Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 01-5/247
Шаар тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Пионер көчөсүнүн № 38/9 батиринин тургуну Абдуталипов Медердин, Некрасов көчөсүнүн № 41 үйүнүн тургуну Мирзажанова Салимахандын (II топтогу майып), Тургенева көчөсүнүн № 49А/25 батиринин тургуну Ташболотова Минавардын уулу Мамасабиров Акылбекке жана кызы Мамасабирова Замирага, Төрөбеков көчөсүнүн № 3 үйүнүн тургуну Мойдинова Розанын кызы Мойдинова Фатимага материалдык жардам сурап кайрылган арыздарын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаар тургундарынын жазган арыздары канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын тургуну Абдуталипов Медерге 50 000 (элүү миң) сом, Мирзажанова Салимаханга 50 000 (элүү миң) сом, Ташболотова Минаварга 50 000 (элүү миң) сом, Мойдинова Розага 50 000 (элүү миң) сом, жалпысы 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |