Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 01-5/248
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Төрөбеков көчөсүнүн № 50 үйүнүн тургуну Жолдошов Абдухалилдин турак жайынын бир бөлмөсүнө (20 м2) дүкөн ачуу үчүн профилин коммерциялык багытына өзгөртүүгө уруксат сураган арызын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын Төрөбеков көчөсүнүн № 50 үйүнүн тургуну Жолдошов Абдухалилдин арызы канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын Төрөбеков көчөсүнүн № 50 үйүнүн тургуну Жолдошов Абдухалилдин турак жайынын бир бөлмөсүнө (20 м2) дүкөн ачуу үчүн профилин коммерциялык багытына өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4.Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |