Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 01-5/249
Профилин өзгөртүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы, Кочкор-Ата шаарынын Терешкова көчөсүнүн № 21 үйүнүн тургуну Ганыбаев Урматбектин Токтогул көчөсүндө жайгашкан дүкөнүнүн профилин соода жана тейлөө борборун куруу үчүн коммерциялык багытында өзгөртүүгө уруксат сурап кайрылган арызын жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексин» жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын Терешкова көчөсүнүн № 21 үйүнүн тургуну Ганыбаев Урматбектин арызы канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата шаарынын Терешкова көчөсүнүн № 21 үйүнүн тургуну Ганыбаев Урматбектин Токтогул көчөсүндө жайгашкан дүкөнүнүн профилин соода жана тейлөө борборун куруу үчүн коммерциялык багытында өзгөртүүгө уруксат берилсин.
4.Пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдап берүүнү райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан суралсын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |