Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 30-июну № 01-5/252
Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын №0114/444 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХVII сессиясы, Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын №0114/444 сандуу кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексин» жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын №0114/444 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.Кочкор-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эки бөлмөсүн, таажы илдетине күмөндүү кош бойлуу аялдар жана хирургиялык профилдеги оорулуулар үчүн атайын арналган санитардык эпидемиологиялык эрежелерге ылайык операциялык блок даярдоого, сметага ылайык акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” жана “Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча” туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | Я.Т.Абдурахманов |