Редакцияот 20.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз X сессиясы

 

2020-жылдын 20 ноябры № 2

Жергиликтүү бюджеттин каражаттарын  жылдыруу жөнүндө

Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 31111-турак жай имараттарды куруу статьясынан 2 900 000 (эки миллион тогуз жүз миң сом) акча каражатын 27111-калкты социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пул статьясына жылдыруу зарылдыгы жөнүндөгү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башкы адиси Н.Данияровдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Зарылдыккка байланыштуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 31111-турак жай имараттарды куруу статьясынан 2 900 000 (эки миллион тогуз жүз миң сом) акча каражатын 27111-калкты социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пул статьясына жылдырууга макулдук берилсин.

2.Каражатты жылдыруу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.

3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg

веб-сайтына жарыялансын.

4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш  айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.

5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Жакыев