Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш аыйлдык Кеңешинин кезексиз X сессиясы
2020-жылдын 20-ноябры № 3
Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Мусаев Муратбек Токтогулович көп жылдардан бери боордун цирроз ооруусу менен жабыркап келгендиктен жана учурда Индия мамлекетинде боорун алмаштыруу операциясына барышы зарыл болуп тургандыктан, колдоого муктаж үй бүлөлүк шартына байланыштуу ири суммадагы акча каражатын сурап кайрылган И.Бакированын 26.10.2020-жылдагы жана Көк-Таш айылдык аймагынын элинин 16.11.2020-жылдагы арызы боюнча Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевдин жана депутат А.Тажибаевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап,
Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну Мусаев Муратбек Токтогулович көп жылдардан бери боордун цирроз ооруусу менен жабыркап келгендиктен жана учурда Индия мамлекетинде боорун алмаштыруу операциясына барышы зарыл болуп тургандыктан, колдоого муктаж үй бүлөлүк шартына байланыштуу ири суммадагы акча каражатын сурап кайрылган И.Бакированын 26.10.2020-жылдагы жана Көк-Таш айылдык аймагынын элинин 16.11.2020-жылдагы арызын канааттандыруу максатында, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары жол берсе, жергиликтүү бюджеттен 2 900 000 (эки миллион тогуз жүз миң сом) каражат кароого макулдук берилсин.
2.Каражат ажыратуу үчүн мыйзамдуулук жагын аныктоо, каражат кароо жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жана ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Эгер мыйзам жол берип, каражат ажыратылса максаттуу пайдаланылгандыгы боюнча тийиштүү иш кагаздарын Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшыруу Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну М.Мусаевдин жубайы И.Бакировага милдеттендирилсин.
4.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Байназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |