Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз XI сессиясы
2020-жылдын 4-декабры № 1
Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы № 11/1-570-20 сандуу каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө
“Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовду ээлеген кызматынан бошотуу жана айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Б.Раимовду Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы №1 токтомун ченемдик укуктук актыга ылайык келтирүү жөнүндөгү” Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2020-жылдын
2-декабрындагы № 11/1-570-20 сандуу каршылык билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ала-Бука райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 2-декабрындагы № 11/1-570-20 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде, “Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовду ээлеген кызматынан бошотуу жана айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору Б.Раимовду Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин 2020-жылдын 20-ноябрындагы №1 токтому жокко чыгарылсын.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Байназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |