Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 1
Жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга Региондорду өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максатында, Эл аралык долбоорлордун алкагында “Гава-Сай (азыркы учурда Чоң-Сай аталыштагы) дарыясы-Терс дарыясынын куймасы” гидрологиялык постунун ишин кайрадан жандандыруу зарылдыгы жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттигинин директору А.Т.Бекиловдун 13.03. 2020-жылдагы № 04/387 катынын негизинде, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жер жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча башкы адиси Ж.Байнаевдин билдирүү-корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөттүн баллансындагы жер фондунун Чоң-Сай айылындагы Беш-Таш участкасынын №400---0,50га контрундагы жер тилкеси “Гава-Сай (азыркы учурда Чоң-Сай аталыштагы) дарыясы-Терс дарыясынын куймасы” гидрологиялык постунун ишин кайрадан жандандыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигине мөөнөтсүз пайдаланууга берилсин.
2.Жер тилкесин тактап, бөлүп берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовго жана жер жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо боюнча башкы адиси Ж.Байнаевге милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |