Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 2
Сыйлоо жөнүндө
Айылдык аймакта калктын саны 6001ден аз болгондуктан, кошумча штаттык бирдик каралбай, айылдык Кеңештин иш кагаздарын кошумча жумуш катары аткарып келе жаткан Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Токтошовдун жумушуна баа берип, “23-июнь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө” карата 2019-жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо жөнүндө ,Көк-Таш айылдык Кеңешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдык Кеңештин иш кагаздарын кошумча жумуш катары аткарып келе жаткан Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Токтошовду “23-июнь - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматкерлер күнүнө” карата 2019-жылдын жыйынтыгы менен сыйлоо максатында, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 000 (жыйырма миң) сом каражат каралсын.
2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |