Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 3
Каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгын айылдык аймакта толук кандуу турмушка ашыруу максатында кайрылган Көк-Таш аялдар Кеңешинин төрайымы А.Кабылованын 24.01.2020-жылдагы билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдык аймакта аялдар Кеңешинин ишин жандандыруу максатындагы иш-чара пландарын турмушка ашыруу үчүн, жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин
социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |