Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 7
Н.Эгемовго ижарага берилген жер аянтын пайдалануу мөөнөтүн узартуу жана аянттын ичине жеңил бузуп курулуучу курулма курууга уруксат берүү жөнүндө
Көк-Таш айыл өкмөтү тарабынан 2013-жылы 10 (он) жылга ижарага берилген асылдыгы төмөн жер участогун пайдалануу мөөнөтүн узартып берүүнү жана аянттын ичине жеңил бузуп курулуучу курулма курууга уруксат берүү жөнүндө сурап кайрылган Көк-Таш айылынын тургуну Эгемов Нарынбай Долоновичтин арызын караган Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айыл өкмөтү менен 2013-жылдын 28-июнундагы түзүлгөн №5 келишим мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгын толук кандуу турмушка ашыруу максатында, Эгемов Нарынбай Долонович бак-дарак тигүү үчүн өздөштүргөн 2.0 га жер аянтын пайдалануу мөөнөтү 40 (кырк) жылга, же тактап айтканда 2020-жылдан баштап, 2060-жылга чейин узартылышына жана аянттын ичине жеңил бузуп курулуучу курулма курууга макулдук берилсин.
2.Ижара, төлөм акылары жаңы түзүлгөн келишимдин негизинде белгиленсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |