Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 8
Курулмаларга АПШ, ИТШ даярдатуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгына жана “Кыргыз Республикасынын айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-мартындагы №186 токтомуна ылайык, Орто-Суу, Жалгыз-Өрүк, Булак-Башы айылдарындагы ички чарбалык арыктарды реаблитациялоо, Ак-Төбө участкасындагы жогорку чыңалуудагы электр линиясын “ВЛ-6 кВ ф Көк-Таш электр линиясына” улоо жана Чоң-Сай айылындагы чек ара постуна банья куруу үчүн АПШ, ИТШ даярдоо зарылдыгы жөнүндөгү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Орто-Суу, Жалгыз-Өрүк, Булак-Башы айылдарындагы ички чарбалык арыктарды реаблитациялоо, Ак-Төбө участкасындагы жогорку чыңалуудагы электр линиясын “ВЛ-6 кВ ф Көк-Таш электр линиясына” улоо жана Чоң-Сай айылындагы чек ара постуна банья куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулмаларга АПШ, ИТШ даярдатууга макулдук берилсин.
2.Курулмаларга АПШ, ИТШ даярдатуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин Жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
Н. Жакыев |