Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 9
Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Булак-Башы айылынын тургундары II топтогу майып – Каримов Тайырбектин жана Салтанат кызы Нурайымдын ден соолугуна байланыштуу материалдык жардам сурап кайрылган арыздарынын негизинде, үй-бүлөлүк шартын анализдеп чыккан Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин төрагасы А.Байнаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көп жылдардан бери атайын ооруканаларда дарыланып келе жаткан Булак-Башы айылынын тургуну II топтогу майып –Каримов Тайырбектин үй бүлөлүк шартын эске алып, дарылануусу үчүн жергиликтүү бюджеттен 12000 (он эки миң) сом ажыратылсын.Ошондой эле Булак-Башы айылынын тургуну Салтанат кызы Нурайым Бишкек шаарында эки жолу операция болуп, учурда дарыланууга муктаж болуп турганын жана үй-бүлөлүк шартын эске алып, жергиликтүү бюджеттен 45 000 (кырк беш миң) сом ажыратылсын.
2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жана ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |