Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 10
Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык Кеңешинин 05.11.2018-жылдагы №5 токтому менен бекитилген “Көк-Таш айылдык аймагында көрсөтүлүүчү кошумча муниципалдык кызматтардын тизмесинин” 9-пункттунун негизинде, Көк-Таш айылдык аймагынын социалдык-экономикалык тармагынын өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон Эмгек ардагери Байнаев Жакшыбайдын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин сунушун эске алып, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Көк-Таш айылдык аймагынын социалдык-экономикалык тармагынын өсүп-өнүгүшүнө бараандуу салым кошкон Эмгек ардагери Байнаев Жакшыбайдын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө материалдык колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 50 000 (элүү миң) сом ажыратылсын.
2.Каражатты ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рыдавлетовго жана ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |