Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2020-жылдын 30-июну № 11
Каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринде болгон кеңешменин “Экономикалык өнүгүүнүн стимулдаштыруу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык иш-чараларды ишке ашыруу боюнча Республикалык штабынын жыйынынын” 2020-жылдын 6-мартындагы №2 сандуу протоколун жетекчиликке алып, COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу чараларын көрүү максатында, Бишкек шаарында иштеп, жашап жаткан айылдык аймактын ички мигранттары учурда үй-бүлө курамы менен жумушсуз отургандыгын эске алып,
“Көк-Таш Ата коомуна” материалдык колдоо көрсөтүү максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Бишкек шаарында иштеп, жашап жаткан Көк-Таш айылдык аймагынын ички мигранттарынын COVID-19 илдетинин учурундагы муктаждыктарын эске алып, материалдык колдоо көрсөтүү максатында, “Көк-Таш Ата коомунун” атайын эсебине жергиликтүү бюджеттен 200 000 (эки жүз миң) сом каражат ажыратылсын.
2.Каражатты ажыратып которуп берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жана ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |