Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2020-жылдын 22-июлу № 1
Сел кесепеттерин жоюу жана калыбына келтирүү чараларын көрүү жөнүндө
2020-жылдын 13-июль күнү болгон нөшөрлүү жаандан улам Беш-Таш –Кочкор-Ата жолун бузуп кеткен сел кесепеттерин жоюу жөнүндөгү маселени талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ала-Бука райондук бөлүмүнүн 2020-жылдын 17-июлундагы корутундусунун негизинде, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2020-жылдын 13-июль күнү болгон нөшөрлүү жаандан улам Беш-Таш –Кочкор-Ата жолун бузуп кеткен сел кесепеттерин жоюп, жолду калыбына келтирип, тоодо калып кеткен 11 автоунааны жана малчыларды коопсуз жайга көчүрүү үчүн, жергиликтүү бюджеттен 400 000 ( төрт жүз миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Ажыратылган каражатты максаттуу пайдалануу жана сел кесепеттерин жоюу чараларын көрүү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |