КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 1
Жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Демөөрчүлөр тарабынан Чоң-Сай айылына курулуучу мечитке айыл өкмөттүн балансындагы жер аянтын бөлүп берүү максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Демөөрчүлөр тарабынан Чоң-Сай айылына курулуучу мечитке айыл өкмөттүн балансындагы 0.16 га жер аянты ажыратылып берилсин.
2.Ажыратылган жер аянтын максаттуу пайдалануу үчүн тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жана жер маселелери боюнча башкы адис Ж.Байнаевге милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |