КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 2
Кошумча каражат кароо жөнүндө
2020-жылдын 13-июль күнү болгон нөшөрлүү жаандан улам Беш-Таш –Кочкор-Ата жолун бузуп кеткен сел кесепеттерин толук жоюу жөнүндөгү маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2020-жылдын 13-июль күнү болгон нөшөрлүү жаандан улам Беш-Таш–Кочкор-Ата жолун бузуп кеткен сел кесепеттерин жоюп, тоодо калып кеткен 11 автоунааны айылга алып түшүү жана малчылардын көчүп-конушуна ыңгайлуу шарт жаратууга, Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезексиз VII сессиясынын 2020-жылдын 22-июлундагы №1 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн 400.000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты жетпей, жумуш токтоп калгандыгына байланыштуу, жергиликтүү бюджеттен кошумча 588 000 (беш жүз сексен сегиз миң) сом каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратып максаттуу пайдалануу жана сел кесепеттерин толук жоюу чараларын көрүү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Байнаевге жүктөлсүн
Төрага |
Н. Жакыев |