КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 3
Кошумча каражат кароо жөнүндө
Булак-Башы айылында курулуп жаткан Р.Исаков атындагы мектептин жаңы имаратынын спорт залын курууда смета-проектиден сырткары кошумча жумуштар аткарылгандыгына байланыштуу, смета проектидеги жалпы сумманын 5 пайыз өлчөмүндө кошумча жергиликтүү бюджеттен каражат кароо жөнүндөгү маселени талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Булак-Башы айылында курулуп жаткан Р.Исаков атындагы мектептин жаңы имаратынын спорт залын курууда смета проектиден сырткары кошумча жумуштар аткарылгандыгына байланыштуу, смета проектидеги жалпы сумманын 5 пайыз өлчөмүндө кошумча жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2.Каражат ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
3.Каражат максаттуу пайдаланылгандыгы боюнча тийиштүү иш кагаздарын Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБнө тапшыруу “Акжол Курулуш-Транс” ЖЧКнын директору А.Жумабаевге милдеттендирилсин.
4.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Байназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |