КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Таш айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2020-жылдын 22-сентябры № 4
Р.Исаков атындагы №31 мектептин директору А.Дурусбек кызынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Р.Исаков атындагы мектептин эски имаратынын чатырын толук кайрадан оңдоп түзөө зарылдыгы тууралуу мектептин директору А.Дурусбек кызынын кайрылуусун карап, жеринде көргөн Көк-Таш айылдык Кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Р.Исаков атындагы мектептин эски имаратынын чатырын толук кайрадан оңдоп түзөө максатында, жергиликтүү бюджеттен каражат кароого макулдук берилсин.
2.Мектептин чатырын оңдоп-түзөөгө смета-проект даярдоо жана жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго жүктөлсүн.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Байназаровго жүктөлсүн.
Төрага | Н. Жакыев |