Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 1
Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына каражат кароо жөнүндө
Көк-Таш айылдык Кеңешинин токтомдорун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялап туруу үчүн, каражат кароо жөнүндөгү Көк-Таш айылдык Кеңешинин төрагасы Н.Жакыевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айылдык Кеңешинин токтомдорун Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялап туруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 24 000 ( жыйырма төрт миң) сом каражат кароого макулдук берилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |