Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 2
Кыргыз Республикасында 2020-жылы өтүүчү Эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасын уюштурууга каражат кароо жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” №690 токтомун аткаруу жөнүндөгү” Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 20-ноябрындагы №118 токтомунун негизинде,
Көк-Таш айылдык аймагында Эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасын толук уюштурууну камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттен каражат кароо зарылдыгы жөнүндөгү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү” №690 токтомун аткаруу жөнүндөгү” Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 20-ноябрындагы №118 токтомунун негизинде,
Көк-Таш айылдык аймагында Эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасын толук уюштурууну камсыз кылуу максатында, жергиликтүү бюджеттен 120 000 ( бир жүз жыйырма миң) сом каражат кароого макулдук берилсин.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |