Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 4
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү жөнүндө
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовдун 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетинин жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүктөрү тууралуу маалымат билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2020-жылга карата Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 105 459. 500( бир жүз беш миллион төрт жүз элүү тогуз миң беш жүз) сом жана атайын каражаттын киреше бөлүгү 1500.000 ( бир миллион беш жүз миң) сом болуп бекитилсин. Ал эми жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 105 459. 500( бир жүз беш миллион төрт жүз элүү тогуз миң беш жүз) сом жана атайын каражаттын чыгаша бөлүгү 1500.0 ( бир миллион беш жүз миң) сом болуп бекитилсин.
2.Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1% ти 1054,595 ( бир миллион элүү төрт миң беш жүз токсон беш) сом резервдик фондго ажыратылсын..
3.Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жалпы кирешесинин 1500.0 ( бир миллион беш жүз миң) сом табигый кырсыктардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу максатында ажыратылсын..
4.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовго жана Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин
Төрага | Н. Жакыев |