Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 5
Жергиликтүү жеке ишкерлерди колдоо максатында каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл –Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, айылдык аймакта жаңы жумуш орундарды түзүү үчүн жергиликтүү ишкерлерди колдоп, жергиликтүү бюджеттен үстөк пайызы жок үч жыл ичинде кайтарым шарты менен каражат ажыратуу зарылдыгы тууралуу Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл –Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, айылдык аймакта жаңы жумуш орундарды түзүү үчүн жергиликтүү ишкерлерди колдоп, жергиликтүү бюджеттен үстөк пайызы жок үч жыл ичинде кайтарым шарты менен 3 000 000 (үч миллион) сом каражат ажыратылсын.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы И.Р.Рысдавлетовго, бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланып үч жыл ичинде айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетине толук кайтаруу жагы жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовго жана Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин
Төрага |
Н. Жакыев |