Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 6
Айылдык аймактагы чек арачылардын шартын жакшыртуу максатында каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укук, тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча Координациялык кеңешинин 09.01.2020-жылы чек ара маселелери боюнча өткөргөн ыкчам отурумунун № 1 протоколунун жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууда аймактагы чек ара коопсуздугун камсыз кылып жаткан “Булак-Башы” жана “Арап” чек ара постторундагы аскер кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу, чек ара кеземеттерин ат менен патрульдоо жагына көмөк көрсөтүү үчүн, аймактык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайрылган 2030 аскер бөлүгүнүн командири А.Ажиевдин 13.12.2020-жылдагы №13/574 сандуу катынын негизинде, жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу жөнүндөгү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтарууда чек ара коопсуздугун камсыз кылып жаткан “Булак-Башы” жана “Арап” чек ара постторундагы аскер кызматкерлеринин жашоо шартын жакшыртуу, чек ара кеземеттерин ат менен патрульдоо жагын камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратылсын.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы И.Р.Рысдавлетовго, бөлүнгөн каражат максаттуу пайдаланылгандыгы тууралуу тийиштүү бухгалтериялык иш кагаздарын айыл өкмөттүн ФЭБне тапшыруу жагы Булак-Башы жана Чоң-Сай чек ара постторунун командирлерине милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Р.Рысдавлетовго жана Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |