Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 7
Көк-Таш айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын калдыктарын бекитүү жөнүндө
Көк-Таш айылдык аймагынын каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эгемовдун
2020-жылдын 1январына карата жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражаттын калдыктары тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.2020-жылдын 1-январына карата КөкТаш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин калдык акчасы 59898800 сом болуп тиркемеге ылайык, атайын каражаттын калдыгы 187100 сом болуп тиркемеге ылайык бекитилсин жана чыгашасы жергиликтүү бюджеттин 3111 курулмалар статьясына 59898800 сом, ал эми атайын каражаттын 2218 статьясына 187100 сом болуп жумшалсын.
2.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
3.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |