Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги I сессиясы
2020-жылдын 28-январы № 8
Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылындагы Р.Исаков атындагы орто мектебине каттап иштеген мугалимдерге шарт түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, Көк-Таш айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылындагы Р.Исаков атындагы орто мектебине каттап иштеген мугалимдерге шарт түзүү үчүн күнүмдүк маршруттук жол акысын төлөп берүү жөнүндөгү Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндөгү” Жарлыгын турмушка ашыруу максатында, Р.Исаков атындагы орто мектебине каттап иштеген мугалимдерге шарт түзүү үчүн, күнүмдүк маршруттук жол акысын төлөп берүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратууга макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратып берүү жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовга жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |