Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 2-марты № 1
Жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-майындагы № 264 токтомунун тиркемесиндеги “ЖӨБОнун алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссия жөнүндө типтүү Жобого ылайык, Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №233 буйругунда бекитилген “Калктын жергиликтүү деңгээлдеги социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарына баа берүү тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алган Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 5-февралындагы №7 буйругу менен түзүлгөн комиссиянын 2020-жылдын 11-февралындагы №1 протоколдук корутундусунун негизинде, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ден соолугуна байланыштуу операция болууга жана дарыланууга муктаж болуп турган Көк-Таш айылдык аймагынын турмуш шарты оор төмөнкү жарандарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен каражат ажыратууга макулдук берилсин.
Орто-Суу айылынын тургуну-Иманазаров Кеңешбек Эргешбаевичке-130 000 (бир жүз отуз миң) сом;
Орто-Суу айылынын тургуну-Давлатова Насибага-47 000 (кырк жети миң) сом;
Орто-Суу айылынын тургуну-Курманбаева Айнурага-5000 (беш миң) сом;
Чоң-Сай айылынын тургуну-Алимова Дилоромго-16000 (он алты миң) сом;
Чоң-Сай айылынын тургуну- Каримов Абдиталип Базарбаевичке-15000 (он беш миң) сом;
Чоң-Сай айылынын тургуну-Шоматова Турсинбиге-4000 (төрт миң) сом;
Көк-Таш айылынын тургуну-Эралыева Назгүлгө-20 000 (жыйырма миң) сом;
Көк-Таш айылынын тургуну-Кабылова Шаарканга-60 000 (алтымыш миң) сом;
Көк-Таш айылынын тургуну- Шералы уулу Чыныбекке -35 000 (отуз беш миң) сом;
Көк-Таш айылынын тургуну- Кабылова Сайраканга -15 000 (он беш миң) сом;
Кулпек-Сай айылынын тургуну-Назирова Уулбүгө-15 000 (он беш миң) сом;
Кулпек-Сай айылынын тургуну-Азимова Гүлүмканга-80 000 (сексен миң) сом;
Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну-Чымырова Тотуканга -15000 (он беш миң) сом;
Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну-Баев Курбаналыга-15 000 (он беш миң) сом;
Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну-Каримова Жумаканга-8000 (сегиз миң) сом;
Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну- Мусаев Абдимаматка-30 000 (отуз миң) сом;
Булак-Башы айылынын тургуну-Каримова Бактыгүлгө-25 000 (жыйырма беш миң) сом;
Булак-Башы айылынын тургуну-Үсөнова Батмага-20 000 (жыйырма миң) сом;
Булак-Башы айылынын тургуну-Корчуев Үсөнгө-5 000 (беш миң) сом;
2.Көк-Таш айылдык аймагынын турмуш шарты оор төмөнкү жарандарына материалдык колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратылсын.
Орто-Суу айылынын тургуну-Умаров Сүйүнгө-80 000 (сексен миң) сом;
Орто-Суу айылынын тургуну-Кадыралы уулу Мейселбекке-5000 (беш миң) сом;
Орто-Суу айылынын тургуну-Райимов Маданбекке-30 000 (отуз миң) сом;
3.Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл –Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгына жана Ала-Бука райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2020-жылдын 6-февралындагы №01-15/90 сандуу катынын негизинде тоголок жетим категориясы менен каттоодо турган Орто-Суу айылынын тургуну 01.11.2002-жылы туулган Жуманазаров Аскербекти жана Жалгыз-Өрүк айылынын тургуну 06.08.2001-жылы туулган Нурвали уулу Залкарбекти материалдык жактан колдоо максатында “РСК” банкта ачылган өздүк эсептерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бирине 900 000 ( тогуз жүз миң) сомдон акча каражаты турак жай менен камсыз кылуу максатында которулуп берилсин.
4.Каражатты ажыратып берүү жагы айыл өкмөт башчысы И.Рысдавлетовго, бөлүнгөн каражат максаттуу пайдаланылгандыгы тууралуу тийиштүү бухгалтериялык иш кагаздарын айыл өкмөттүн ФЭБне тапшыруужагы жогоруда арыз менен кайрылган жарандарга милдеттендирилсин.
5.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
6.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
7.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго, көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |