Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги II сессиясы
2020-жылдын 2-марты № 2
Жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл-Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” Жарлыгына ылайык, Көк-Таш айылдык Кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айылынын борборундагы “Молдогозу Ата” кафесинин күн чыгыш тарабындагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн балланссында турган 50квм жер аянты жеке ишкер Абдиева Нарсулууга кошумча жумуш орун түзүп, ашкана куруу максатында берилсин.
2.Жер аянтын ажыратып берүү жагы башкы адис Ж.Байнаевге жана курулманын иш кагаздарын тийиштүү мамлекеттик органдардан даярдатуу жагы жеке ишкер Н.Абдиевага милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |