Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2020-жылдын 26-марты № 1
“Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2018-2019-жылдар аралыгында жүргүзгөн иштери тууралуу маалымат угуу жөнүндө
2018-2019-жылдар аралыгында жүргүзгөн иштери тууралуу “Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” төрагасы Б.Иманазаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.2018-2019-жылдар аралыгында “Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Иманазаровдун жүргүзгөн иштери “канааттандырарлык эмес” деп табылсын.
2.“Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасынын милдетин убактылуу аткаруучу болуп М.Жакшыбаев дайындалсын жана жайыт комитетинин мүчөлөрүнүн арасында каралсын.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссияга “Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” толук документтерин киреше жана чыгашаларды толугу менен өткөрүп берүү жагы каралсын.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н. Жакыев |