Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2020-жылдын 26-марты № 3
“Көк-Таш тазалык” МИнин тапшырык бааларын жана штат бирдигин бекитүү жөнүндө
Көк-Таш айыл аймагында жашаган тургундардын турмуш тиричилик калдыктарын полигонго чыгаруу санитардык-гигиеналык абалды туруктуу камсыз кылуу тууралуу “Көк-Таш тазалык” МИнин директору Б.Нышановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айыл аймагында жашаган тургундардын турмуш тиричилик калдыктарын полигонго чыгаруу санитардык-гигиеналык абалды туруктуу камсыз кылуу максатында, турмуш-тиричилик калдыктарын полигонго чыгаруу үчүн айылдык аймакта жашаган калктын жан башына бир айга 20 (жыйырма) сом, ал эми күнүмдүк керектелүүчү азыктарды сатуучу дүкөндөр, сактоочу жайлар бир чарчы метр жай үчүн 5 (беш) сом, базарлар (жаймалар) базар болгон күнүнө бир чарчы метр жай үчүн 10(он) сом, дарыкана катталуучуга бир айга 25 (жыйырма беш) сом, чач тарач бир кызматкерге бир айга 50(элүү) сом, күнүмдүк керектелүүчү азыктарды сатуучу автоунаалар күнүнө бир чарчы метр жай үчүн 5 (беш) сом, фронтальный погрузчик Амкодор 342 В бир саатына 2000 (эки) миң сом, МТЗ-82 эксковатор саатына 1500 (бир миң беш жүз) сом болуп баалар бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2.“Көк-Таш тазалык” МИнин 2020-жылга карата 6 (алты) штаттык бирдик түзүмү бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |