Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги III сессиясы
2020-жылдын 26-марты № 4
Каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринде болгон кеңешменин “Экономикалык өнүгүүнүн стимулдаштыруу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык иш-чараларды ишке ашыруу боюнча Республикалык штабынын жыйынынын” 2020-жылдын 6-мартындагы №2 сандуу протоколунун негизинде, COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу чараларын көрүү максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Айылдардын чачыранды жайгашкандыгын эске алып, учурдагы кырдаалда толук кандуу иш жүргүзүүсүн камсыз кылуу максатында, ар бир айыл башчыга ай сайын 20 литрден күйүүчү май Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ажыратылсын.
2.Каражатты ажыратуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго, ал эми ажыратылган каражаттын максаттуу пайдаланылгандыгы тууралуу тийиштүү бухгалтериялык иш кагаздарын ФЭБге тапшыруу айыл башчыларга милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |