Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги IV сессиясы
2020-жылдын 27-марты № 1
Каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринде болгон кеңешменин “Экономикалык өнүгүүнүн стимулдаштыруу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык иш-чараларды ишке ашыруу боюнча Республикалык штабынын жыйынынын” 2020-жылдын 6-мартындагы №2 сандуу протоколунун жана Ала-Бука райондук администрациясынын 26.03.2020-жылдагы №04-02/584 сандуу катынын негизинде, COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу чараларын көрүү максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу чараларын көрүү максатында, Ала-Бука аймактык ооруканага көчмө рентген аппаратын сатып алуу үчүн, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 1000 000 (бир миллион) сом каражат кароого макулдук берилсин.
2.Каражатты ажыратуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго, ал эми каражат максаттуу пайдаланылгандыгы тууралуу бухгалтериялык иш кагаздарын ФЭБге тапшыруу Ала-Бука аймактык оорукана жетекчилигине милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |