Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясы
2020-жылдын 14-апрели № 1
Каражат ажыратуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министринде болгон кеңешменин “Экономикалык өнүгүүнүн стимулдаштыруу тышкы таасирлердин кесепеттерин азайтууга багытталган экономикалык иш-чараларды ишке ашыруу боюнча Республикалык штабынын жыйынынын” 2020-жылдын 6-мартындагы №2 сандуу протоколун жетекчиликке алып, COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу чараларын көрүү максатында, студенттер, ички-тышкы мигранттар айылдык аймакка кайра келишкендигин жана учурда үй-бүлөсүндө жумушсуз отургандыгын эске алып, айылдык аймактын чарбалык китебинде катталган ар бир кожолукка колдоо көрсөтүү максатында, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.COVID-19 илдетинин жайылып кетишинин алдын алуу чараларын көрүү максатында, студенттер, ички-тышкы мигранттар айылдык аймакка кайра келишкендигин жана учурда үй-бүлөсүндө жумушсуз отургандыгын эске алып, айылдык аймактын чарбалык китебинде катталган ар бир кожолукка колдоо көрсөтүү максатында, 1 (бир) каптан ун, 5 (беш) литрден өсүмдүк май алып берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат ажыратылсын.
2.Каражатты ажыратуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовго, ал эми каражат максаттуу пайдаланылгандыгы тууралуу бухгалтериялык иш кагаздарын так жүргүзүү ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |