Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясы
2020-жылдын 14-апрели № 3
Көк-Таш айылдык Кеңешинин 26.03.2020-жылдагы №1 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ала-Бука райондук прокуратурасынын №11/1-5-98-20 сандуу каршылык билдирүүсүн окуп жана талкуулап, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.“Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” 2018-2019-жылдар аралыгында жүргүзгөн иштери тууралуу маселени караган Көк-Таш айылдык Кеңешинин
26.03.2020-жылдагы №1 токтомунун 1-пункту “2018-2019-жылдар аралыгында “Көк-Таш жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Иманазаровдун жүргүзгөн иштери “канааттандырарлык эмес” деп табылсын” деп өзгөртүлбөй калтырылсын.
2.Ал эми ошол эле токтомдун 2-пункту Ала-Бука райондук прокуратурасынын
№11/1-5-98-20 сандуу каршылык билдирүүсүнө ылайык, мыйзамсыз экендиги эске алынсын жана жокко чыгарылсын.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |