Загрузка документа…
КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылыштагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин кезектеги V сессиясы
2020-жылдын 14-апрели № 4
Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2023-жылдарга божомолу жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин” мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, Көк-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы И.Рысдавлетовдун билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин финансы, бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде, Көк-Таш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Көк-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2023-жылдарга карата негизги параметрлери киреше-чыгаша бөлүгүнүн долбоору жана божомолу боюнча
2021-жылга 110686,6 миң сом, 2022-жылга 112961,9 миң сом, 2023-жылга 115237,2 миң сом болуп жактырылсын.
2.2021-2023-жылга карата Көк-Таш айыл өкмөтүнүн божомолу жергиликтүү салыктардын булактары жана мамлекеттик чегерүүлөр боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөрү белгиленсин.Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Эгемовго милдеттендирилсин.
3.Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.кg веб-сайтына жарыялансын.
4.Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кенешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы П.Ө.Байназаровго милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Жакыев |