Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезектеги VI чакырылышынын ХХVIII сессиясы
2020-жылдын 11-марты № 28/7
Көтөрмө айыл аймагында Короновирус илдетинин жайылышынын алдын алуу жана болтурбоо чараларын көрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап чыгып жана талкуулап Көтөрмө айылдык кенешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Айыл аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу жана болтурбоо максатында айыл аймагынын кире беришине Арканын алдына жана айыл аймагынын айылдарындагы ички көчөлөргө блок посттор жана белгилер (знак) коюлсун.
2. Ар бир айылдын жашоочуларына тартипти сактоо жана мыйзамга баш ийүү, ар түрдүү баш аламандыкка барбоо жагы катуу эскертилсин жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
3. Тартипти бузуп мыйзамга баш ийбеген жарандарга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексинин беренелерине негиз мыйзам чегиндеги катуу чара көрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл башчыларга жана айылдык кенештин депутаттарына тапшырылсын.
Тѳрага | Айтмат уулу Акжол |