Загрузка документа…
КӨТӨРМӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көтөрмө айылдык кеңешинин кезексиз VI чакырылышынын ХХIX сессиясы
2020-жылдын 27-майы № 29/1
Көтөрмө айылдык кенешинин жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-2023-жылдарга божомолдуу планын бекитүү жөнүндө
Көтөрмө айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи А.Тажибаеванын Көтөрмө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-2022-2023-жылдарга киреше бөлүгүнүн долбоорун, Көтөрмө айыл өкмөтүнүн бюджети жана 2021-2022-2023-жылдарга болжолдуу көлөмүн « Кыргыз Республикасынын Республикалык бюджеттери жөнүндө кодексинин негизинде түзүлүп сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көтөрмө айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен №371 4-V»мыйзамдардын негизинде түзүлүп,сунушталып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көтөрмө айыл аймагынын айыл Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгын эске алуу менен Көтөрмө айылдык Кенешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн атайын каражаттарын кошкондо 2021-жылгы бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолдуу планы 8410.1мин сомго ,2022-жылга 8413.0 мин сомо. 2023-жылга 8416,8 мин сом өлчөмүндө жактырылсын.
2. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн 2021-2022-2023-жылыг божомолдуу бюджетинин киреше бөлүгү тиркемелерге ылайык аныкталсын.
3. Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдарга салык төлөмдөрүнүн женилдиктеринен пайдалануу боюнча салык кодексинин 344 беренесинин негизинде. ДРА,ЧАЭС, пенсионерлер жана 1-2 топтогу майыптар . мектеп жашындагы 4 же андан көп балалуу атуулдар 100 пайыз , Тамаша . Кара-Шоро айылынын жашоочулары 50 пайызга физикалык жер салык төлөмдөрүнөн бошотулсун.
4.Тамарка салыгы зоналык коэффициент (К3) 1,0 эсебинде кыскартылсын.
5. Көтөрмө айыл өкмөтүндөгү айыл чарбасына жараксыз жер салыгынын базалык ставкасы Кызыл-Булак , Тамаша зонасы боюнча К3-1,2 өлчөмүндө, айыл чарбасына жарактуу жер үлүш салыктары 1,2 эсе көтөрүлгөн эсебинде , таштандыларды ташып чыгаруу 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Көтөрмө айыл өкмөтүнүнфинансы экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи А.Тажибаевага бюджеттин киреше бөлүгүнө тийиштүү тиркемелерди түзүү жагы милдеттендирилсин.
7. Кадамжай райондук аймактык каржы бөлүмүнүн жогорудагы бюджеттин киреше бөлүгүгнүн божомолдуу долбоорун көнүлгө алуу жагы суралсын.
8. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Көтөрмө айылдык Кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Айтмат уулу Акжол |